Ссылки доступа

Эрдоган Орусиядан кечирим сурабай турганын билдирди


Түркия орус учагын атып түшүргөндөн бери Москва менен Анкаранын бири-бирин айыптоолору токтой элек.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия чек арасын бузган учакты атканы үчүн орус тараптан эч качан кечирим сурабасын CNN телеканалына билдирди. Ал керек болсо Орусия кечирим сурашы керектигин айтып, Путинге дароо жооп кылды.

“ Биз өз чек арабыз бузулган кандай учур болсо да ага каршы чара көрүүгө тийишпиз”, -деди Эрдоган.

Кечээ президент Владимир Путин Түркия Орусиядан кечирим сурашы жана чыгымды төлөп бериши керектигин айткан болчу. Ага чейин орус президенти террорчулукка каршы күрөштөгү өнөктөштөрү тарабынан согуштук учактын жок кылынышын “далыга урулган сокку” катары баалаган. Москва Орусиядагы түрк компанияларынын ишмердигин да чектегени жатат.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өз өкмөтүнө Түркияга каршы санкция даярдоого эки күн убакыт бергенин билдирди. Анын айтуусунда, бул документтерде Түркиянын Орусия аймагындагы экономикалык структураларынын ишмердигине чектөө киргизүү же тыюу маселеси камтылган.

XS
SM
MD
LG