Ссылки доступа

Бакудагы кандуу окуяда эки полиция кызматкери окко учту


Азербайжан башкалаасынын жанындагы Нардаран кыштагында 26-ноябрдагы окуяда мерт кеткен тартип сакчыларынын бири Вюгар Насибовдун артында эки баласы жетим, аялы жесир калды.

Милициянын майору Вюгар Насибов Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери болчу.

Анын сөөгү зыйнат менен акыркы сапарга узатылат.

Азербайжан Ички иштер министрлиги таанымал динаятчы Тале Багирзадени кармоого аракет кылышканда анын тарапташтары ок чыгарышканын билдирди. Кагылышууда 6 адам каза тапты. Анын экөө полиция кызматкерлери.

Нардаран айылында полиция менен тирешип каза тапкандарды укук коргоо органдары Азербайжандын мыйзамдуу бийлигин кулатууну, шарыяттын мыйзамдарын орнотууну көздөгөн деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG