Ссылки доступа

Москвада белгилүү кинорежиссер Элдар Рязанов дүйнөдөн кайтты


Элдар Рязанов 89 жашта эле. Анын Москвада көз жумганын маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү орусиялык маалымат булактарына ырасташты.

Акыркы жылдары Рязанов катуу ооруп жүргөн.21-ноябрда бейтапканага жаткырылган.

Элдар Рязанов — СССРдин Эл артисти. Чыгармачылык жолунда 30дан ашык тасма тарткан. Алардын арасында “Карнавал түнү”, “Автоунаадан сактан!”, “Тагдырдын тамашасы же жеңилдешиң менен!”, “Кызматтык роман”, “Экөө үчүн автобекет” жана башка эл сүйгөн тасмалар бар.

XS
SM
MD
LG