Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы премьерин 12 жылга эркинен ажыратуу сунушталды


Прокуратура мурдагы өкмөт башчы Серих Ахметовду үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен 12 жылга абакка кесүүнү соттон сурады.

Экс-премьер “коррупцияга аралашкан, ири өлчөмдөгү бюджеттик акчаны туура эмес жумшаган” деп айыпталууда.

Элүү алты жаштагы Ахметов 2014-жылы ноябрда камакка алынган. Аны менен кошо 21 адамдын соту жүрүүдө. Алардын арасында Караганда облусунун мурдагы башчысы, Караганда шаарынын экс-мэри жана башка аткаминерлер, ишкерлер бар.

Караганда облусунун мурдагы акими Бауржан Абдишевге жети жыл, Караганда шаарынын мурдагы жетекчиси Мейрам Смагуловго төрт жыл суралууда. Бул иш боюнча сот жараяны июлда башталган. Бүгүн айыпталуучулардын актоочулары сөз сүйлөшөт. Теги карагандалык Серик Ахметов 2012-жылдын сентябрынан 2014-жылдын апрелине чейин казак өкмөтүн жетектеген. Андан кийин коргоо министри болуп дайындалып, октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткени расмий маалымдалган.

XS
SM
MD
LG