Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдагандай, Молдалиевге тийиштүү мекемелердин радикалдашуунун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине мониторингди күчөтөп, убагында кабарлап туруу тапшырылды.
Кыргызстанда соңку жылдары диний радикалдашуу күч алып баратканы байма-бай айтылууда. Алдын алуу иштерине карабай, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун курамына кошулгандардын саны азая элек. Расмий эсепте ал жакта азыр 400дөн ашуун кыргызстандык бар, айрымдары каза тапты.