Ссылки доступа

Иранда аятолла аялдарды иштетпөөгө чакырды


Ирандын таасирдүү диний лидери, Исфахан шаарындагы мусулманчылыктын жарчысы Сейед Юсеф Таботабаи-Нежад аялдардын иштешине каршы экенин айтып, мындай саясатты кубаттаганы үчүн президент Хасан Роханини сынга алды.

Бийликтин иштеген аялдарды көтөрмөлөп, алардын саясатка аралашуусуна шык берүү аракетине нааразылык билдирди.

“Көптөгөн эркектер жумушсуз жүргөндө аялдардын иштегени туура эмес. Ислам өлкөлөрүндө эркекаялды багышы керек”, - дейт ал.

Аятолла иштеп жаткан аялдардын көз карандысыздыгы үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна алып келет деген пикирде. Буга байланыштуукоомдук жана мамлекеттик чөйрөлөрдө алардын жумушка тартылышына тыюу салууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG