Ссылки доступа

Борбор Азиянын калкы 2050-жылы 96 миллионго жетет


Бул тууралуу Кыргызстандын стратегиялык изилдөө боюнча улуттук институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык,2050-жылдарда Тажикстан менен Кыргызстандын калкы эки эсе көбөйө турганы күтүлүүдө. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө калктын өсүү темпи жайыраак болот.

PRB (Population Reference Bureau) эл аралык уюмунун эсептөөсүнө ылайык, Кыргызстандын калкы 11,6 миллион адамга көбөйүп, Казакстанда элдин саны 24 миллионго жетиши мүмкүн. Түркмөнстанда демографиялык көрсөткүч 2050-жылга карата анчейин деле өзгөрбөй турганы болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG