Ссылки доступа

Казакстанда өзүн өрттөгөн студент көз жумду


Түркистан шаарында өткөн аптада өзүн-өзү өрттөгөн 20 жашар студент каза тапканын жергиликтүү оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Хамза Досжанов “Азаттыктын” казак кызматына кабарлады.

Анын денесинин 90 пайызы күйүп кеткендиктен, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой, жекшембиге караган түнү көз жумган.

Буга чейин Түштүк Казакстан облусунун ички иштер департаментинин басма сөз кызматы өрттөнүп аткан адам тууралуу маалымат милицияга 7-декабрдын кечинде түшкөнүн, андан кийин ал бейтапкананын реанимация бөлүмүнө жеткирилгенин жарыялаган.

Окуя боюнча кылмыш кодексинин “Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү” беренесине ылайык иш ачылган.

Студенттин эмне себептен мындай кадамга барганы териштирилип жатат.

XS
SM
MD
LG