Ссылки доступа

Өзбекстанда газ менен жарыктын жоктугуна нааразылык уланууда


Фергана облусунун Маргалаң шаарындагы «Саховат» маалесине көгүлтүр от менен жарык берилбей жаткандыктан, жергиликтүү жашоочулар үч күндөн бери нааразылык билдиришүүдө.

Бийлик көйгөй чечиле турганын айтканы менен эч кандай натыйжа боло элек. Шаарды газ менен камсыздаган ишкана мындай абалды басымдын ылдыйлап кеткени менен байланыштырды.

Газдын жоктугунан көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар өзгөчө зыян тартууда. Алар 19-декабрдан каршылык акциясын өткөрүп жатышат. Акыркы маалымат боюнча нааразылардын саны 200гө жетти.

«Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянуу менен маргалаңдыктар коңшу Киргили районунун жашоочуларынын аракетин кайталап жатканын кабарлады. Киргилинин тургундары буга чейин нааразылык иретинде жол тороп, анын жыйынтыгында көгүлтүр отту калыбына келтирүүгө жетишкен.

XS
SM
MD
LG