Ссылки доступа

Алматада Nakanune.kz сайтынын редактору кармалды


Оппозициялык Nakanune.kz сайтынын редактору Гүзел Байдалинова үч күнгө камакка алынганын «Республика» веб-сайтынын башкы редактору Ирина Петрушова маалымдады.

Буга чейин аталган маалымат каражатынын Алматадагы кеңсесинде полиция тинтүү жүргүзүлгөн. Анын алдында сайттын ээси Гүзел Байдалинованын жана сайттын юристи Юлия Козлованын, журналист Рафаэль Балгиндин үйлөрүн да шаар ички иштер департаментинин кызматкерлери текшеришкен. Департаменттин өкүлдөрү ырастагандай, "Республика" жана "Накануне" интернет булактары Казкоммерцбанк жана башка адамдардын ишмердиги жөнүндө жазган макалаларында билип туруп, жалган маалымат жарыялаган деген факт боюнча соттук териштирүү жүрүүдө.

Маалыматка караганда, тергөөчүлөр «макалаларды жазууга заказ берген жана аларды жайгаштырууга көмөктөшөкөн адамдарды» аныкташкан. Полиция буюртма бергендер редакцияга накталай акча төлөгөн деп, массалык маалымат каражаттарын каржылоонун көмүскө каналы тууралуу билдирди. "Республика. Деловое обозрение" басылмасынын сайты жана тиркемелери – бардыгы болуп 30 чакты оппозициялык маалымат каражаттарына Казакстанда соттун чечими менен 2012-жылы тыюу салынган. Бийлик анын бардыгын «Массалык маалымат каражат - "Республика» деген бирдиктүү аталышка бириктирип, экстремисттик деп жарыялаган.

«Адил сөз» укук коргоо уюмунун башчысы Тамара Калеева бийликтин аталган сайтка каршы аракетин сынга алды.

XS
SM
MD
LG