Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бирөөнү көчөдөн, эки жаранды батирден кармадык. Кармалгандардын жанынан эки даана ок атуучу курал, маң зат жана ири өлчөмдөгү ок- дарылар табылды. Кармалгандардын экөө Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Алар шаарда теракт уюштурушу ыктымал деп шектелүүдө” деп билдиришти ОИИБден. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.