Ссылки доступа

Казакстанда УКМКнын башчысы алмашты


Казак мажилиси бүгүнкү жыйында Владимир Жумакановду Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгына дайындоого макулдук берди.

Аны бул кызматка президенттик акимчиликтин жетекчиси Нурлан Нигматулин сунуштаган.

Өткөн жумада президент Нурсултан Назарбаев аталган мекеменин мурдагы башчысы Нуртай Абыкаевди ээлеген кызматынан бошотуп, мажилистин депутаты деп жарыялаган. Анын ордуна биринчи орун басары Владимир Жумаканов көрсөтүлгөн.

Назарбаевдин жээни, 38 жаштагы Самат Абиш 25-декабрда Улуттук коопсуздук комитеттин биринчи орун басары болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG