Ссылки доступа

 Парламент Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып шайлады


Жогорку Кеңештин көпчүлүк добушу менен Кубат Оторбаев акыйкатчы болуп шайланды. Шайлоо алдында жети талапкер чыгып, алардын төртөө баш тартышкан.

Жыйынтыгында калган үч талапкер арасынан Кубат Оторбаевге депутаттардын 63ү добуш берди. Калган талапкерлер Рита Карасартова менен Алишер Мамасалиев 26дан добуш алды. Ушул эле жыйында Оторбаев акыйкатчы катары ант берди.

Ал кайсы багытта арыздар көп келип түшсө ошол тармакта ишти күчөтөрүн, республикада кабыл алынган чечимдер боюнча анализдер жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңөө мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирген Оторбаев, бардык органдарга сырттан келген каражаттардын ачыктыгын колдой турганын, бирок бул кылдат каралчу маселе экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG