Ссылки доступа

Түндүк Корея суутек бомбасын сынады


Бүгүн эртең менен Түндүк Корея жаңы суутек бомбасын сынап көргөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Таңга жуук геологиялык кызматтар Пангги-ри машыгуу талаасынан 49 километр алыстыкта күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөөнү каттоого алышкан. Бул аймактын четинде Түндүк Корея буга чейин үч ирет өзөктүк куралын сынаганы белгилүү.

Өлкөнүн расмий телекөрсөтүүсү бир нече сааттан кийин суутек бомбасына байкоо жүргүзүлгөнүн бышыктады. Guardian жана Daily Telegraph басылмалары маалымдагандай, Пхеньян муну АКШдан коргонуу боюнча өз укугу катары түшүндүргөн.

«Эгерде Америка Түндүк Кореянын эгемендигине коркунуч жаратпаса, мындай курал-жарактарды колдонуу зарылчылыгы туулбайт», — деп айтылат бийликтин билдирүүсүндө.

Түштүк Кореянын президенти окуядан кийин коопсуздукка байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Ушундай эле отурум АКШнын коргоо министрлигинде болууда.

Түндүк Корея он жыл мурун өзүн өзөктүк держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астынан сыноо жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун кескин нааразылыгына кабылган эле.

XS
SM
MD
LG