Ссылки доступа

Өзбекстандык ырчы уятсыз видео үчүн лицензиядан ажырайт


Ырчы Тамила Sayyod.com веб сайтына биринчи видеодо өзү тартылганын тастыктады. Бирок экинчисине эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

Интернетте 28-январда Тамиланын жылаңач денесин көрсөткөнү тартылган эки видео тарап кеткен.

Экинчи видеотасмада Тамила деп өзүн тааныштырган аял көчөдө жылаңач бойдон жүргөнү чагылдырылган.

Бул тасмалар Telegram сайтына чыккандан кийин «Өзбекнаво» эстрадалык бирикмеси ырчынын лицензиясы убактылуу токтотуларын жарыялады. Жаңжалдуу видеодон кийин продюсери Нажот Агзамов да аны менен кызматташуусун токтотту.

Социалдык тармактарда ырчынын мындай кадамдары катуу талкууланууда. Кээ бири нааразы болсо, айрымдары жан тартууда.

“Тамила коомдун астында мындай кадамдарды жасаган жок да. Тамиланы эмес, Интернетте бул видеону тараткан адамды жазалаш керек”, - деп жазышат анын күйөрмандары.

Тамила мындан мурда мурдуна сырга салып алган сүрөт үчүн катуу сынга алынган. “Өзбекнаво” ошондо да аны лицензиядан убактылуу ажыратып, шоу-бизнеске былтыр ноябрда гана кайтып келген эле.

XS
SM
MD
LG