Ссылки доступа

Атамбаев Путин менен Мирзиёевге сыйлык ыйгарды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу жарлыкка ал бүгүн кол койду.

Анда "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" деп айтылат.

Ошондой эле бүгүн кыргыз президенти Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевди «Данакер» ордени менен сыйлады. Жарлыкта бул сыйлык эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон жеке зор салымы үчүн ыйгарылганы айтылды.

XS
SM
MD
LG