Ссылки доступа

Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча макулдашууга кол коюшту (видео)


Хасан Роухани, Владимир Путин жана Реджеп Эрдоган Сочиде жолугушту. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Хасан Роухани, Владимир Путин жана Реджеп Эрдоган Сочиде жолугушту. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жаңжалды тынчтык жол менен жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюшту. Документ үч өлкөнүн бул багыттагы мындан аркы кызматташтыгын аныктайт.

22-ноябрда Сочидеги үч тараптуу саммиттин жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путин үч өлкө лидерлери өз дипломаттарына, коопсуздук жана коргонуу күчтөрүнө Сирия элдеринин конгрессин уюштуруунун үстүнөн иштөө тапшырмасын бергендигин билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани Конгресс Сириянын жаңы конституциясын иштеп чыгууга жардам бере аларын айтты. Анын негизинде өлкөдө шайлоолор өтөт деп болжолдонууда.

Өз кезегинде Түркия лидери Реджеп Эрдоган Сирияда муктаж адамдар үчүн гуманитардык жардамдарга жетүү мүмкүндүгүн ачуу зарылдыгын белгиледи.

Орусия 2015-жылдын сентябрынан бери Сирияда аскердик операциясын улантып келет. Анын расмий жарыяланган максаты – терроризмге каршы күрөшүү. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын башынан бери Сирияда кеминде кырк орусиялык жоокер жана жеке аскердик адистер мерт болушту. Түркия менен Ирандын лидерлери менен жолугушуусунун алдында Путин Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы аяктап, "саясий жараяндарга" өтүү башталарын айткан.

Батыш өлкөлөрү Кремлди аскерий операциялары Башар Асаддын режимин колдоого жана куралдуу оппозицияга каршы күрөшүүгө багытталган, Москва менен Дамасктын биргелешкен бомбалоолорунан жай тургүндар курман болуп жатат деп бир канча жолу айыпташкан.

XS
SM
MD
LG