Ссылки доступа

АКШ Сириядагы аскер контингентин сактап калууга ниеттенүүдө


Кошмо Штаттар Сирияда америкалык аскерлердин чакан тобун сактап калуу жолдорун караштырып жатат. Учурда контингент ар кыл күрд жана араб топторунан түзүлгөн Сириянын Демократиялык күчтөрүнө жардам берип, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө жайгашкан.

Бул тууралуу The Washington Post гезити Дональд Трамптын администрациясындагы булакка шилтеме берип билдирүүдө.

Америкалык контингенттин максаты – аймакты ИМ тобунун калдыктарынан тазалоо боюнча өнөктөштөрүнө жардам берүү, туруктуулукту камсыздоого көмөктөшүү болуп саналат. Буга чейин АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Башар Асаддын өкмөтү менен сирия оппозициясынын ортосундагы жаңжалды саясий жактан жөнгө салуу боюнча макулдашуу кабыл алынмайын, америкалык аскерлер Сириядан кетпей турганын билдирген. Гезит талдоочуларга шилтеме кылып билдиргендей, АКШ учурда Сириядагы Ирандын таасирине каршылык көрсөтүүнү дагы негизги тапшырмалардын бири катары кароодо.

Учурда Сирияда 503 америкалык аскер бар, алар Сириянын Демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG