Ссылки доступа

Иманалиев: ЕАЭБ натыйжасыз институт экенин көрсөттү


Кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууда Евразия экономикалык биримдиги эффективдүү уюм эмес экенин көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул кырдаалдан өкмөт сабак алышы керек.

- Беш өлкө союздаш өлкөбүз дейт, бирок анын бири Кыргызстан экономикалык блокадада калганда алар күн тартибине киргизип коюшкан жок. Ушинтип кантип экономикалык биримдик болсун? Дүйнөлүк соода уюму карай баштады. 200 миллион доллар чыгым экени эсептелди жана эки келишим бузулганы айтылды. Ошондуктан тышкы экономикалык катнашта Дүйнөлүк соода уюму артыкчылыктуу болушу керек.

Ошондой эле Каныбеков Иманалиев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн парламенттик алаканы колдонуп, коңшулаш өлкөлөрдүн парламенттерине кайрылууну сунуштады.

10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада жүздөгөн адамдар менен жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болгон. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен түшүндүргөн. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты.

Бирок чек арадагы кырдаалдын курчушу кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан сынына байланыштырылган.

Чек ара кызматынан алынган маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында 600гө жакын унаа кезекте турат.

XS
SM
MD
LG