Ссылки доступа

Дайджест: Младич жана Мьянма, апийим талаалары үчүн бомба, ИМ балдары жана Кытайдын алкагы


Урматтуу өнөктөштөр! Силерге "Басма сөзгө баяндама" аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

Апийим талааларын асмандан жок кылуу

Ооганстандагы апийим талааларын асмандан жок кылуу боюнча АКШнын жаңы фронту жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн, деп жазат The Times of India гезити.

Басылма талдоочуларга таянып билдиргендей, жогорку технологиялык учактардын бир бөлүгү жана АКШнын аба күчтөрүнүн дрондору Сирия жана Ирактагы «Ислам мамлекети» тобуна каршы операциясын бүткөн соң, Ооганстанга жөнөтүлөт. «Америка тарыхта бомба ыргытуу технологиябыз өтө так деп мактанып жүрөт. Бирок абадан сокку урууну көбөйтүү – карапайым калк арасында арбын курмандыктарды алып келет. Натыйжада АКШ көп дос күтчү жерден тескерисинче, душман күтүп алышы мүмкүн», деген Хьюман Райтс Вотч уюмунун орун басары Андреа Празов (Andrea Prasow).

Бирок вице-президент Дик Чейнинин коопсуздук маселелери боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Ханн «Талибан» кыймылынын «маңзат империясын» жок кылуу керек деп эсептейт. «Кандай гана стратегия болбосун, эгер максатка жетүүнү кааласак, олуттуу чараларды кабыл алуу керек. Анын ичинде душманды маанилүү киреше булагынан ажыратуу зарыл», деген Жон Ханна Франс-Пресс агенттигине.

Младич түрмөдө, башкаларчы?

Мурдагы Югославиядагы согуш жөнүндөгү китептин автору Ед Вуллиами The Guardian гезити үчүн жазган макаласында: «Үчүнчү Рейхтен кийинки эле Европадагы жырткыч аскер башчы, генерал Ратко Младич өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөрөт. Гаага трибуналынын башка өкүмү орунсуз болмок» деди. Ал Младичтин орду түрмөдө, бирок дүйнөдө өтө оор кылмышка барган башка лидерлер жоопкерчиликке тартылабы деген суроо салган?

Ед Вуллиами Ирактагы аскердик кампания үчүн мурдагы британ премьер-министри Тони Блэр менен АКШнын мурдагы президенти Жордж Бушту соттоону талап кылган Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Десмонд Тутуну эске салат. Сириядагы согуш үчүн Асад менен Путинге же «Ислам мамлекетин» курал менен камсыздап, Йеменди жардырып жаткан Сауд Арабия режимине карата адилеттүүлүк орнойбу? Мьянманын саясий лидери Аун Сан Су Чжиге карата айыптоочу өкүм чыгабы? – деген The Guardian басылмасындагы макаланын автору.

Мьянмадагы этникалык тазалоо?

Кошмо Штаттар биринчи жолу Мьянма армиясын рохинджа-мусулмандарын “этникалык тазалоого” ачык айыптады. Ракхайндагы аскердик репрессия учурунда 600 000ден ашуун киши үйлөрүнөн куулган, деп жазды Le Monde. Басылма БУУ 11-сентябрда Мьянма бийлигин “этникалык тазалоого” айыптаганын, бирок Вашингтон бул терминди колдонуудан баш тартып келгенин баса белгиледи.

«Бул ырайымсыздык үчүн жооптуулар жазаланышы керек», деди АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон. Бул тууралуу ал Мьянма куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, ага генерал Мин Аун Хлайн жана формалдуу эмес жарандык администрациянын башчысы Аун Сан Су Чжи менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Фактларды терең иликтеп чыккандан кийин Ракхайндын түндүк процинциясында рохинджаларга карата этникалык тазалоо болгону ачыкталды жана эч нерсе бул үрөйдү учурган жырткычтыкты актай албайт», деген Рекс Тиллерсон

ИМ тобунун жоочуларынын балдарынын тагдыры​

Германиянын федералдык өкмөтү «Ислам мамлекети» тобунун катарында күрөшкөн немис жоочуларынын балдарын мекенине кайтарууга аракет жасоо, деп жазды Frankfurter Allgemeine Zeitung. Германия ТИМи ирак өкмөтүнө кайрылып, абактагы ИМ тобунун жоочуларынын жетим балдарын көрүп чыгууга уруксат сураган. Герман ММКларынын маалыматы боюнча жашы жете элек алты бала энелери менен бирге Ирактын сурак борборунда кармалышууда.

Бул арада Конституцияны коргоо боюнча башкармалыктын башчысы Ханс-Георг Масзен ИМ тобунун жоочуларынын балдарын кайтаруу биртоп көйгөйлөрду жаратышы мүмкүн экенин билдирген. Анын пикиринде, бул балдар «жихадчылардын» таасири алдында чоноюшкан жана Германияга алып келишсе, жоочулардын жаңы мууну өсүп чыгуусу ыктымал, деп эскертет Ханс-Георг Масзен.

Кытайдын алкагы кандай түстө?

The Nation басылмасы Пекиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында CPEC (Кытай-Пакистан экономикалык коридор) долбоорун ишке ашыруу тууралуу жазды. Бир нече күн мурда долбоорду каржылоо 46 миллиард доллардан 63 миллиард долларга чейин көбөйтүлдү. Долбоордо автоунаа жана темир жолдордун ири түйүндөрү аркылуу Пакистандын Гвадар аттуу порттук шаары менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районун бириктирүү каралган.

Кеңири масштабдагы «Бир алкак, бир жол» программасынын алкагында «Кытай коридору - Орто Азия» долбоору дагы ишке ашырылат. Анткен менен The Jamestown Foundation аналитикалык борбору Кытайдын катышуусундагы аймактагы ири долбоорлордун бардыгы тең ушул кезге чейин кагазда гана калып келгенин белгилөөдө. 2002-жылдан 2013-жылга чейин Кытай менен Кыргызстан темир жол куруу боюнча кеминде эки долбоорду талкуулашкан. Бирок ар дайым тараптар түрдүү себеп, анын ичинде каржы көйгөйлөрүнөн улам макулдашууга келе албай келишет. «Пекиндин демилгелери аймактагы чыныгы экономикалык интеграцияларга жардам болобу же келечекте Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы геостратегиялык карама-каршылыктарга алып келеби, алдын ала айтыш кыйын», деп белгилеген The Jamestown Foundation.

XS
SM
MD
LG