Ссылки доступа

Швеция соту терроризмге шектелген өзбек жаранын камакта калтырды


Швеция соту Стокголмдогу кол салуу боюнча айыпталган Өзбекстандын жаранын сотко чейин камакта калтыруунун мөөнөтүн узартты. 39 жаштагы Рахмат Акилов 21-декабрга чейин камакта болмокчу.

Тергөөчүлөр аны "7-апрелде пиво ташыган машинени уурдап, шаар борборунда жөө кишилерди атайлап сүздүргөн" деп айыпташкан. 5 кишинин өмүрүн алган ал окуя терроризм катары каралууда.

Өзбестандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов апрелде Акилов 2914-жылы мекенинен Швецияга көчүп кеткенден кийин «Ислам мамлекети» экстремист уюму тарабынан жалданганын айткан.

Стокгольм - транспорттук каражаттардын жардамы менен чабуулга кабылган европалык шаарлардын бири болуп саналат. 2016-жылдан бери Барселона, Лондон, Берлин жана Ниццада унаа аркылуу террордук актылар жасалган.

XS
SM
MD
LG