Кодекс өлкөдөгү 6771 мөңгүнүн ичинен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө таасирин тийгизери айтылган.
Өткөн аптада парламент "Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырган. Өкмөттүн бул сунушу коомчулукта ача пикир жаратууда. Жарандык активисттер эгер бул мыйзам иштей баштаса Кыргызстандагы мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылат деп кооптонушууда.
Бүгүн президентти мыйзамга кол койбоого чакырган жарандык петиция да бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган эле.
Президент Алмазбек Атамбаев демилге менен таанышып жатканын, чечимди бир нече күндө кабыл аларын 20-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирген.