"Тажикстан темир жолдору" ишканасы маалымдагандай, учурда Аксарайда дагы 29 мигрант калды.
Мекенине кайтып келген мигранттардын бири Навруз Касымов электрондук билетине карабай, Аксарай бекетинен түшүрүп салышканын айтты. «Мен үйүмө кантип жетеримди билбедим. Акчам да жок эле. Миграциялык мыйзамдарды буздуңар деп сотко алып келишип, депортациялоо чечимин чыгарышты. Абалыбыз өтө оор болчу, көпчүлүгүбүз бул күндөрү чай менен нанга эле ыраазы болуп калдык», - деди Навруз.
Буга чейин Тажикстан өкмөтү мамлекеттик темир жол ишканасына Аксарай өткөрмө бекетинде калган тажик мигранттарын бекер ташууну тапшырган.
2-6-ноябрь күндөрү Москвадан Дүйшөмбүгө жана Хожентке бараткан поезддерден орус чек арачылары 200дөн ашуун мигрантты түшүрүшкөн.
Буга Орусиядан депортацияланган борбор азиялыктар миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пул төлөбөй кетип баратышканы себеп болгон. Алардын арасында Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары да бар экени айтылууда.