Ссылки доступа

Сирия оппозициясы: Асад отставкага кетиши керек


Сирия президенти Башар Асад өлкөдөгү өткөөл мезгилге чейин отставкага кетиши керек. Бул тууралуу сириялык оппозициянын Эр-Риядда жолугушуусунда кабыл алынган жыйынтыктоочу билдирүүдө айтылды. Документте белгиленгендей, ушул шартта гана өлкөдө туруктуулук жана коопсуздук орноп, саясий жараян башталышы мүмкүн.

Сирия оппозициясы Сауд Арабиянын чакыруусу менен Эр-Риядда чогулушкан. Тараптар БУУнун колдоосу менен Женевада өтө турган сүйлөшүүлөрдө жалпы позиция менен чыгуу маселелерин иштеп чыгышууда. Отурум 28-ноябрга белгиленген. Анын БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура уюштурат.

Сириядагы оппозициялардын көпчүлүк өкүлдөрү келечектеги президент маселеси шайлоодо чечилиши керек деген пикирде. Алардын басымдуу бөлүгү Асадды аскердик кылмышкер катары эсептешет.

Орусия, Түркия жана Иран Женевадагы жолугушууга удаалаш Сирия элдеринин Конгрессин уюштурууну пландоодо. 22-ноябрда Сочиде үч өлкөнүн лидерлери тиешелүү келишимге кол коюшкан. Орусия менен Иран Сириянын азыркы президентин колдошот. Түркия айрым оппозициялык топтордун тарабында.

Батыш өлкөлөр Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары Башар Асад режимин колдоого багытталганын, Москва менен Дамасктын биргелешкен бомбалоолорунун натыйжасында карапайым кишилер өлүмгө дуушар болуп жатканын белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG