Ссылки доступа

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болду


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага президенттин төш белгисин, күбөлүгүн жана штандартын тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо катышкан жарандардын 54% добушун алып жеңишке жеткен.

Жээнбеков ант бергенден кийин сүйлөгөн сөзүндө президенттик кызматка киришкенден кийин эң биринчилерден болуп экс-президент Алмазбек Атамбаевге эң жогорку «Кыргызстандын баатыры» жана «Ак Шумкар» сыйлыгын берүү тууралуу жарлык чыгарарын айтты.

Жаңы президент Атамбаев тарабынан башталган жолду улантарын жана парламенттик башкаруу формасын колдой турганын кошумчалады.

Өз кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековго ийгиликтерди каалап, өзү бата жазып келгенин айтып, аны окуп берди.

XS
SM
MD
LG