Ссылки доступа

Брюсселде «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» 5-саммити өтөт


Брюсселде «Чыгыш өнөктөштүгү» программасынын 5-саммити ачылууда. Ага мурдагы советтик өлкөлөрдөн Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан жана Беларустун өкүлдөрү катышат.

«Чыгыш өнөктөштүгүнүн» башкы максаттарынын бири – Евробиримдик менен КМШ өлкөлөрүнүн чек арасындагы туруктуулук менен демократияны бекемдөө жана экономикалык интеграцияны ишке ашыруу.

Саммитте бүгүн Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй сүйлөйт. Өз сөзүндө ал Орусия тараптан жаралып жаткан коркунуч тууралуу дагы айтат деп күтүлүүдө. Британия премьеринин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Мэй постсоветтик өлкөлөрдү «Москва тараптын абалды туруксуздаштыруу аракеттерине каршы күрөшүүгө бирдиктүү план» иштеп чыгууга үндөйт. Ошондой эле Улуу Британия «Чыгыш өнөктөштүгү» өлкөлөрүндөгү жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө 100 миллион фунтка жакын каражат бөлөрү күтүлүүдө.

«Чыгыш өнөктөштүгү» Евробиримдиктин демилгеси менен 2009-жылы башталган. Ал программанын катышуучусу эсептелген үч өлкө — Украина, Грузия жана Молдова ЕБ менен ассоциация келишимине кол коюшкан. Анда эркин соода аймагын түзүү каралган. Андан тышкары аталган мамлекеттердин жарандары Шенген келишиминдеги өлкөлөргө визасыз кире алышат. Орусия «Чыгыш өнөктөштүгү» анын экономикасына коркунуч жаратып жатканын бир канча жолу билдирген. Брюссель бул айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG