Ссылки доступа

ММК: Трамптын мурдагы кеңешчиси атайын прокурор менен кызматташа баштады


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн Орусиянын Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер менен кызматташа баштаган болушу мүмкүн.

Бул тууралуу New York Times гезити жазды. Басылма Флинндин адвокаттары Мюллердин иликтөөсү боюнча маалыматтарды АКШ президенти Дональд Трамптын юристтерине бербей калгандыгын белгиледи. Буга чейин алардын ортосунда маалымат алмашуу боюнча макулдашуу болгон.

Ноябрдын башында америкалык NBC News телеканалы Майкл Флинн менен анын уулуна айып тагуу үчүн атайын прокурор Роберт Мюллерде жетиштүү күбөлөр бар экенин кабарлаган. Журналисттер өз булактарына шилтеме кылып, Мюллердин тергөө тобу акчанын изин жашыруу жана федералдык агенттерди алдоо фактыларын иликтеп жатканын билдиришкен.

Трамптын шайлоо штабынын Орусия өкүлдөрү менен ыктымал байланыштары жана Москванын шайлоого кийлигишүүсү боюнча тергөө иштерин Конгресстин атайын комиссиясы, Федералдык иликтөөлөр бюросу жана атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзүүдө. АКШнын атайын кызматтары Орусия бийлиги шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүү үчүн Демократиялык партиянын жана анын талапкери Хиллари Клинтондун командасынын сайттарына хакердик чабуул жасоо аракеттеринин артында турат деп эсептөөдө. Дональд Трамп бул айытоолорду бир канча жолу четке каккан.

Майкл Флинн Трамптын кеңешчиси кызматында болгону 24 гана күн иштеген. Ал орусиялык дипломаттар менен байланышы жөнүндө туура эмес маалыматтарды бергендиги аныкталгандан кийин отставкага кеткен.

XS
SM
MD
LG