Ссылки доступа

Ташкентте колбаса цехине эшектин этин жеткирген адамдар кармалды


Хорезм облусунан Ташкенттеги «Шаршара» колбаса цехине 69 килограмм эшектин этин жеткирген эки адамга кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал этти уйдуку деп каттаган цехтин кызматкерлерине карата дагы тергөө иштери башталды.

Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашкандай, 21-ноябрда колбаса цехинде рейд болуп, анын жүрүшүндө 69 килограмм эшектин эти колбаса жасоо үчүн камдалган сапатсыз башка эттерге кошулганы аныкталган.

Маалыматка караганда, көрүнүшү жана жыты боюнча сапатсыз көрүнгөн эттин үлгүсү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында ал адамдын саламаттыгына коркунучтуу эшектин эти деген корутунду чыгарылган. Азырынча цехке буга чейин дагы эшектин эти жеткирилген-жеткирилбегендиги белгисиз.

Өзбекстанда бир эшектин баасы 150-200 миң сумду (18-24 АКШ доллары) түзөт. Анын эти уйдун этинен дээрлик төрт эсе арзан.

XS
SM
MD
LG