Ссылки доступа

АКШ Орусиядагы «Чет элдик агент» мыйзамы боюнча билдирүү жасады


Жон Лэнсинг
Жон Лэнсинг

АКШнын Берүүлөр боюнча жетекчилер кеңешинин (BBG) аткаруучу директору Жон Лэнсинг Орусияда чет өлкөлүк ММКлардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн жаңы мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу билдирүү жасады.

Лэнсингдин айтымында, Орусиянын расмий инстанциялары буга чейин бир канча жолу мыйзам «Эркин Европа/Азаттык» жана «Америка үнү» өңдүү америкалык медиакомпаниялардын ишине чоң чектөөлөрдү киргизиши мүмкүндүгүн айтып келишкен.

«Биз ишибиз тууралуу Орусия бийлиги жөнөтүшү мүмкүн болгон бардык расмий билдирүүлөрдү иликтеп чыгабыз. Муну АКШнын аракеттерине каршы жооптук чара катары кароо туура эмес болуп калат. Орусиянын маалымат каражаттары, анын ичинде RT жана «Спутник» агенттиги өз берүүлөрүн АКШнын аймагында кабелдик телеберүү жана ФМ жыштыктар аркылуу эч кандай бөгөтсүз обого чыгаруусун улантууда жана уланта берет. Ал эми АКШнын маалымат каражаттары, анын ичинде «Америка үнү» жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кызматтары Орусиянын аймагында жергиликтүү жыштыктар аркылуу берүүлөрүн обого чыгара албай келет. Орусиянын аймагында иштеген америкалык ММКларга орусиялык маалымат каражаттар АКШда ээ болгон укуктар берилсе туура болмок», — деп белгиледи Жон Лэнсинг.

Ал кандай гана шарт болбосун америкалык медиакомпаниялар АКШ мыйзамдарында жазылган миссияларын (эл аралык аудиторияга, анын ичинде Орусиянын аудиториясына так, объективдүү жана толук маалымат жеткирүү) аткара бере тургандыктарын кошумчалады.

BBG АКШнын жалпы чет элдик берүүлөрүнүн, анын ичинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун көзөмөлчүлөрүнүн кеңеши болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG