Ссылки доступа

Суннит өлкөлөрү жаңы антитеррористтик коалиция түзүштү


Мухаммед бен Салман Аль Сауд
Мухаммед бен Салман Аль Сауд

Жекшембиде Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман курамына расмий түрдө 41 өлкө кирген жаңы антитеррористтик коалиция өз ишин баштаганын билдирди.

Анын айтымында, бул аскердик коалиция аймактагы өлкөлөрдө активдүү иш жүргүзгөн террордук уюмдарга ачык эскертүү болот. Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери жана коопсуздук маселелер боюнча эксперттери катышкан жыйында союздаштар терроризмге каршы күрөшүү үчүн бардык аскердик, каржы жана саясий мүмкүнчүлүктөрүн бириктире тургандыктары айтылды. Андан тышкары ал өлкөлөрдүн атайын кызматтары өз ара кызматташууга барышат.

Чет элдик ММКлардын белгилешинче, коалициянын курамына негизинен суннит өлкөлөрү кирген. Алардын арасында Иран, Сирия жана Ирак өлкөлөрү жок. Ошондой эле анын курамына буга чейинки аскердик коалицияларга катышып келген, бирок бир катар араб өлкөлөрүнүн бойкотуна кабылган Катар мамлекети дагы кирген эмес.

24-ноябрда Египеттин Синай жарым аралындагы мечитке кол салуу болуп, жыйынтыгында 300дөн ашык киши мерт болгон. Алардын көбү жай тургундар жана Египет армиясынын аскерлери.

XS
SM
MD
LG