Ссылки доступа

Сокулуктун тергөө абагынан төрт киши качып кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Абактагылар бүгүн таңкы саат алтыларда Сокулук ИИБнин тергөө абагында камалып турган жерден качып чыгышкан. Учурда Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришти.

Маалым болгондой, качып кеткен адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери деп эсептелген “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып жаткан.

- Качып кеткен кишилер тергөө абагында кармалып, соту жүрүп жаткан. Учурда алардын кандайча качып кеткени боюнча иликтөө иштери башталды. Аны менен катар Бишкекте жана Чүйдө издөө иштери жүрүп, атайын план түзүлдү, - дейт Осмонбаев.

Ал ишке юридикалык баа бериш үчүн материалдар прокуратурага өткөрүп берилгенин кошумчалады. Ал эми облустардагы стационардык посттор күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

XS
SM
MD
LG