Айдоочулар жардам качан келери белгисиз экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, алар суук түшкөнүнө байланыштуу бир катар ишканалар менен мектептерге көмүр жеткирүү үчүн жолго чыгышкан.
«Фон-Ягноб» Тажикстандагы эң ири көмүр кени болуп эсептелет. Ал Душанбедеги ЖЭБди, «Талко» алюминий компаниясын, «Тажикцемент» жана «Хуаксин Гаюр цемент» ишканаларын көмүр менен камсыз кылат.
2012-жылы Ташкент газды Кытай менен Орусияга экспорттоп жатканын билдирип, Тажикстанга сата албай турганын билдирген. Мындан улам Тажикстан ата мекендик ири ишканаларды көмүргө өткөрүүгө мажбур болгон.
Тажикстанда жыл өткөн сайын көмүр казуунун көлөмү өсүүдө. Эгер 2015-жылы 1 миллион тонна алынса, 2016-жылы 1 миллион 300 миң тонна казылган. Учурда өлкөдөгү 200гө жакын ишкана көмүр менен иштейт.