Ссылки доступа

Ташкентте кембагалдарга арнап салынган батирлер байларга берилип кеткен


Ташкент шаарынын Сергели районунда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен кембагал үй-бүлөлөр үчүн курулган батирлер, алдамчылык жол менен тиешелүү артыкчылыктарга ээ эмес жарандарга берилгени айтылууда.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы президентке жолдонгон даттануулардан кийин териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ташкент шаардык мэриясы менен укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.

– Президент Мирзиёев 17-ноябрда Сергели районунда жаңы курулган үйлөрдүн ачылыш аземине катышкан. Ошондо кимдир бирөө батирлерди аз камсыз үй-бүлөлөргө эмес, колунда бар жарандарга жана аткаминерлерге беришкенин айтып даттанган. Башкы прокуратура атайын комиссия түздү. Ага салык инспекциясы, мэрия, ички иштер органдарынын кызматкерлери киришти. Учурда пландуу текшерүү иштери жүрүүдө, –деди өзбек аткаминерлеринин бири.

Анын айтымында, айрым батирлерди таратууда алдамчылыкка жол берилген. Жаңы салынган үйлөр жеңилдетилген ипотеканын негизинде турак-жайы жок жарандарга, андан тышкары кирешеси аз үй-бүлөлөргө берилиши керек болчу. Бирок айрымдар жасалма документтер менен үй алышкан.

Ташкент мэриясы Башкы прокуратура бул маселени териштирип жатканын тастыктады.

17-ноябрда Шавкат Мирзиёев Сергели районундагы жаңы конуштун ачылыш аземине катышкан. Бул күнү 66 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген.

XS
SM
MD
LG