Ссылки доступа

Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун автоунаа топтолду


Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде топтолгон автоунаалардын жалпы саны 600дөн ашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан алынган маалыматка караганда, ушу тапта "Ак тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 490, Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл жайында 162 оор жүк ташуучу машине турат. Калган бекеттерде автоунаа жана жарандардын тыгыны жок.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери чек арадан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. Адегенде казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган. Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети зыян тартканын билдирип чыкты.

Андан мурдараак экс-президент Алмазбек Атамбаев казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат" деп сынга алган.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланышкан маселе 17-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунда да көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG