Ссылки доступа

Өзбек банктары декабрдан тарта тоок багуу менен лимон өстүрүүгө насыя бербейт


Өзбек банктары декабрдан тарта тоок багып, лимон өстүргөн ишкерлерге насыя берүүнү токтото турушканын жарыялашты. Алар берген маалымат боюнча бул долбоорлор өзүн-өзү актаган жок. Ошондуктан декабрдан тарта коммерциялык банктар бизнестин бул түрлөрүнө колдоо көрсөтүүнү толугу менен токтотушат.

Тоок чарбасын өнүктүрүп, лимон өстүрүү идеасын калкка өзбек президенти Шавкат Мризиёев берген. 2017-жылы январда ал өлкө жарандарына үй канаттууларын багууну, мартта күнөсканаларда лимон өстүрүп, экспортко чыгарууну сунуштаган.

Мындан кийин аймактарда жергиликтүү бийлик Миризиёевдин сунушу менен мектеп жана бала бакчаларды лимон багын тигүүгө мидеттендирген. Бирок тиешелүү багуу болбогондуктан көбү тез эле куурап калган.

Куриная экономика президента Узбекистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Тоок багуу дагы жакшы натыйжасын берген эмес. Ташкент мамлекеттик ветеринардык департаменттин кызматкеринин айтымында, айылдыктардын көбү тоок фабрикаларынан жөжөлөрдү сатып алып багышкан. Бирок алар үй шартына көнбөй, ар кыл жугуштуу оорулардын кесепетинен кырылып калган.

XS
SM
MD
LG