Алардын Сочи Олимпиадасындагы ийгиликтери жокко чыгарылды. Ошентип Орусия 2014-жылдагы оюндардын эсебинен дагы эки алтын, үч күмүш медалынан айрылды.
Буга чейин антидопинг эрежелерин бузагын үчүн 10дон ашуун спортчусу дисквалификацияланган. Натыйжада орус курама командасы оюндардын расмий эмес эсебинде биринчиликтен кол жууган. Ричард Макларендин көз карандысыз комиссиясынын эки жыл мурун жарыялаган иликтөөсүнө ылайык, Орусияда миңден ашуун спорчу допинг колдонгон. Тыюу салынган препараттарды пайдаланууну – мамлекет кубаттап турган.
Он жети өлкөнүн допингге каршы агенттиктери Орусияны 2018-жылдагы Олимпиада оюндарынан четтетүүнү талап кылышууда. Бул маселе боюнча акыркы чечим декабрдын башында кабыл алынары күтүлүүдө.