Экөө тең шейшембиге караган түнү Бишкектин Биринчи Май районунун аймагынан колго түшүрүлгөн.
Ал эми калган эки жаранды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары көрүлүп жатат.
27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт адам качып кеткен. Аларды кармоо боюнча Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялаган.
Бул адамдарга карата Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан.
32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев жана 28 жаштагы Кайрат Жанботоев азырынча кармала элек.