Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, учурда шаардын баардык мектептеринде, борбордук көчөлөрдө ишембиликтер өтүп, имараттардын тышын актап-сырдашууда.
Шаардагы үч көпүрөнүн бири толугу менен ремонттон өттү.
Маалыматтарга караганда, калааны көрктөндүрүү иштерине байланыштуу борбордук көчөлөр жабылып, коомдук транспорттордун каттамы өзгөртүлдү.