Ссылки доступа

Казакстанда терроризмге шектелип төрт киши кармалды


Казакстанда Актөбө облусунун төрт тургуну терроризмге шектелип камакка алынды. Бул тууралуу 27-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, облустун 26 жаштагы Саркулов, Мырзакаримов, Даулетияров жана 19 жаштагы Сауанаев аттуу тургундары «Терроризмди пропагандалоо же терроризм жасоого чакырык таштоо» беренеси боюнча шектелүүдө. Эгер алардын күнөөлөрү далилденсе, мүлкү мамлекеттин карамагына өтүп, өзүлөрү 12 жылга соттолушу мүмкүн.

Учурда бул ишти Улуттук коопсуздук комитетинин облустук департаменти иликтөөдө. Актөбө шаардык соту шектүүлөрдү эки айга камакка алуу чечимин 25-ноябрда кабыл алган.

Соттон билдиришкендей, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча иштин чоо-жайы тууралуу маалыматтар берилбейт.

XS
SM
MD
LG