Ссылки доступа

Тажикстанда барымтага алуу окуясынан кийин төрт офицер жумуштан алынды


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы катардагы жоокер прапорщикти барымтага алган окуядан кийин чек ара бөлүгүнүн төрт офицери жумуштан алынды.

Бул иш боюнча жашыруун жүргүзүлгөн тергөө иштери аяктап, соттун кароосуна жөнөтүлдү. Окуя 25-августта облустагы Вишхарв кыштагынын аймагында болгон. Сафарбек Хонов аттуу жоокер чек ара бөлүгүнүн прапорщигин дээрлик үч саат барымтада кармагандан кийин өлтүрүлгөн.

Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун аскердик прокуратурасы окуя болгон аскер бөлүгүнүн жумуштан алынган төрт кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери башталып, бирок айыпталуучулар соттун чечимине чейин эркиндикте жүргөндүктөрү айтылууда.

Өлкөнүн Чек ара башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаевдин айтымында, азырынча аларга окуянын чоо-жайы белгисиз. Аскер бөлүгүнүн кызматкерлери өз милдеттерин аткаруудагы шалакылык үчүн жумуштан алынган.

Операция маалында өлтүрүлгөн Сафарбек Хоновдун тургундары күнөөлүүлөр өз жазаларын алышат деп үмүттөнүшүүдө. Алардын божомолу боюнча, Сафарбек ал ишке чоң психологиялык басымдын алдында барган.

XS
SM
MD
LG