Ссылки доступа

Чубак ажынын экинчи никеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда (видео)


"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын ачык жарыялаганы боюнча прокуратурага кайрылмай болду. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жалиловдун мыйзамды бузганына, башка жарандарды өзүнөн үлгү алууга үндөгөнүнө укуктук баа берилиши керек деп эсептейт.

Интернетте Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун экинчи никеси боюнча видео тарады.

Анда Жалилов жашы 30дан ашкан жесирге нике кыйдыртып үйлөнгөнүн ачык айткан. Келинге үйлөнгөнүн ага боору ооруганы менен түшүндүргөн. Муну менен тим калбай, башка эркектерди да өзүнөн үлгү алууга чакырган:

​- Мен дагы үйлөндүм. Байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат, бирок бардыгы ордуна келет деп ойлойм. Анын капа болгонго, кызганганга акысы, укугу бар. Мен Түркияда бала багып иштеп жүргөн, жашы 30дан өткөн жесир келинге үйлөндүм. Мен "кыздарды Түркияга, Кытайга жибербегиле, ошолорду карагыла, баккыла" деп осуят айтам. Үйлөнүүгө ниетим жок эле, бирок өзүм элге үлгү болууну туура көрдүм. Мен баштабасам ким баштайт? Бардыгы сөз бойдон калбасын дедим. Кыргыздын кызын карап, багып, курсагын тойгузуп үлгү көрсөтүш үчүн үйлөндүм. Колунан келген эркектер үйлөнсүн деп айтам. Бир адамдын ырыскысы эки адамга жетет, урматтуу бир тууганым.

Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, сынга алынып жатат. "Азаттык" радиосу Жалиловго видео боюнча кайрылганда, ал комментарий берүүдөн баш тартты. ​

Эске сала кетсек, Чубак ажы буга чейин көп аял алууга шарият жол бергени менен аны көп колдобой турганын айтып келген.

"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтийдин аракетин мыйзам бузуу деп эсептейт. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындан улам Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жиберилерин билдирди:

- Чубак ажы Жалилов мыйзамды бузганын моюнуна алып жатат. "Экинчи аял алдым, биринчи аялым бир аз капа болду" деди. Коомчулукка өзү ачык жарыялады. Ар бирибиз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Мыйзамдын бузулганын билип туруп унчукпай койсок, бардыгыбыз кылмышты жашырган болуп калабыз. Биздин уюм бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасына ошол видеону тиркеп, расмий арыз менен кайрылат. Бул жерде ал башка жигиттерди дагы "экиден аял алгандан коркпогула" деп чакырып жатат. Бул өтө коркунучтуу чакырык. Башкаларды дагы мыйзам бузууга үндөп жатат. Биз азыр Чубак ажы аалым, ажы экен деп анын чакырыгына унчукпай койсок, эртең дагы башка бирөөлөр чыгат. Биз коомду бузууга жол берген болобуз. Мыйзамда эки аял алуу деген жок, ага тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексинин алкагында жоопкерчилик каралган. Бул мыйзамды тоготпогондук.

Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG