Ссылки доступа

Афина соту тажик оппозиционерин мекенине кайтаруудан баш тартты


Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин өкүлү Шохнаими Карим (Мирзорахим Кузов) мекенине кайтарылбайт. Мындай чечимди 29-ноябрда Афинадагы сот кабыл алды.

Партиянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Мирзорахим Кузовдун ишинде саясий өңүт бар деп табылды. Сот тажик оппозиционерин камактан бошотту.

Шохнаими Карим (Мирзорахим Кузов) 9-октябрда Афинанын эл аралык аэропортунда Интерполдун суроосу менен кармалган. Эртеси аны Грециянын четиндеги Коридаллос түрмөсүнө которушкан.

Маалыматтарга караганда, соңку жылдары Шохнаим Түркия жана Иранда, үй-бүлөсү Тажикстанда жашап жаткан.

2015-жылы Тажикстандын коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын козголоңунан кийин диний партия мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган. Тажикстандын Жогорку соту аны террордук уюм деп атап, өлкөдө уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Карим козголоңчу генерал Абдухалим Назарзода өлтүрүлгөнгө чейин эле Тажикстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG