Ссылки доступа

Түркмөн президенти план аткарбаган жетекчилерди иштен алды


Түркмөнстан президенти 28-ноябрда Мары шаарында өкмөттүн көчмө жыйынын өткөрүп, бир нече аткаминерди иштен алды.

Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин Лебап облусуна барып, ал жакта да акимдерди жумуштан бошоткон.

Түркмөн ММКлары маалымдагандай, Мары облусу быйыл дан эгиндерин жыйноо боюнча милдеттемелерин аткарган эмес. Учурда үч район пахта чогултуу боюнча план толтуруша элек.

Президент Бердымухамедовдун айтымында, облустун калкы толук көлөмдө таза суу менен камсыздалган жок. Бөлүнгөн жер тилкелеринде газ куурлары жана электр линиялары өткөрүлө элек. Көпүрөлөр жана ички жолдордун абалы начар. Буга байланыштуу ал Мары облусунун жетекчиси Б.Аннагурбанов менен Сакарчага районунун башчысы М.Гуламовду жумуштан бошотту.

XS
SM
MD
LG