Ссылки доступа

«Казакмыстын» шахтерлору иш ташташты


Караганда облусундагы «Казакмыс» корпорациясынын жумушчулары иш ташташты. Өз булактар кабарлашкандай, 29-ноябрга оогон түнү жумушка келген шахтерлор эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып, шахтадан чыгуудан баш тартышкан.

Жумушчулардын иш таштоосу тууралуу бүгүн жарандык активисттер Фейсбук аркылуу билдиришти. Алар жарыялаган сүрөттөр менен видеолордо атайын кийимчен ондогон кишилерди көрүүгө болот. Активисттердин айтымдарында, жыйын Түштүк-Жезказган кенинин №65 шахтасынын административдик имаратынын алдында өтүүдө.

Маалыматка караганда, жумушчулар айлык менен пенсияларды жогорулатууну, компенсация төлөп берүүнү, текшерүүчү ыкчам топторду жоюуну, ошондой эле корпорациянын директорлор кеңешинин төрагасы менен жолугушуу уюштурууну талап кылышууда.

«Казакмыс» компаниясынын басма сөз кызматынан бул боюнча расмий маалымат бир аздан соң жарыяланарын убадалашты.

XS
SM
MD
LG