Маалыматка караганда, отурумга көз салуу үчүн «Азаттыктын» казак кызматынын журналисттери гана барышкан. Бирок полициячылар алардын сот залына кирүүсүнө мүмкүндүк беришкен эмес. Алгач күч органдары алардын баштыгында бычак бар экенин жана аны калтырып кетүүлөрү керектигин айтышкан. Андан соң сотко катышууга судьянын уруксаты зарыл экенин билдиришип, кабарчыларды лифтке киргизбей коюшкан.
Оролдук доочулардын өкүлү Миржан Габдуллин алар өлкөнүн билим берүү жана илим министринин мектептерде диний белгилери бар кийимдерди кийүүгө тыюу салган буйругунун мыйзамсыз деп таанылышын талап кылып жаткандыктарын билдирди.
— Оролдо 35, Актөбөдөн 29 доочу арыз менен кайрылган. Ал буйруктун негизинде азыр Оролдогу бардык мектептер жоолукчан кыздарды сабактарга киргизбей жатышат. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 78 кыз мектепке баруусун токтоткон. Оролдо 46 мектеп бар болсо, алардын бардыгынын директорлору буйрукту карманышууда, — деди Миржан Габдуллин.
Сот отурумунун айрым катышуучулары «Азаттыктын» казак кызматына билдиришкендей, кире бериштен алардын маалыматтарын атайын каттоо китепчесине жазып алып, өздүгүн күбөлөндүргөн документтерин сүрөткө тартып алышкан.