Маалыматтарга караганда, каза тапкан тергөөчүнүн ысымы – Мухиддин Зохидзода. Жаракат алган кызматкер учурда ооруканада дарыланууда.
Жарылуунун кесепетинен шаардык милициянын чатыры талкаланган.
Тажикстан ИИМинин маалымат кызматы окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады.
Бул арада “Азаттыктын” тажик кызматынын өз булагы билдиргендей, окуя капитан Зохидзода ИИМ кызматкерлери тарабынан чогултулган жардыруучу заттарды каттоого алып жаткан маалда орун алган.