Ал кылмыш ишин бурмалоо максатында адам уурдоо, маңзат атекзчилиги боюнча күнөөлүү деп табылды.
Халимдаровдун алдында иштеген үч киши 8 жылдан 9 жылга чейин түрмөгө кесилди, деп жазды "Бизнес Online" басылмасы.
Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин көрсөтмөсү менен иш Татарстанда эмес Москвада карала баштаган. Ал казандык соттордун калыстыгынан шек санаган.
Тергөөнүн версиясы боюнча Халимдаров кол алдында иштегендер менен бирге 2005-жылы Казакстан жаранын уурдоону уюштурган. Ага маңзат сатуу боюнча жалаа жабылып, 13 жылга кесилип кеткен.
Полициячы 2013-жылы гана кармалган. Башында ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталган. Берене Тергөө комитетинин борбордук аппаратына өткөндөн кийин өзгөртүлгөн.