Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген.
Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын спорт комитети толугу менен дисквалификацияланды жана Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.
2016-жылы Допингге каршы эл аралык агенттиктин (WADA) комиссиясы Орусиянын олимпиадалык мелдештерге катышкан спортчулары мамлекет өзү тескеген кеңири масштабдагы кызытма программасына тартылганын далилдеген. Ал ишке бийликтеги адамдардан тышкары ФСБнын кызматкерлери да катышканы ачыкка чыккан. Атап айтканда, алар Сочидеги оюндар маалында позитивдүү анализдерди алмаштырып турган.
Сентябрда 17 өлкөнүн улуттук антидопинг уюмдары “Сочи Олимпиадасындагы бурмалоолорду жана таза атаандаштык милдеттенмелерин аткарбай жатканын эске алуу менен” Орусияны 2018-жылкы кышкы оюндардан четтетүүнү талап кылышкан.
Президент Владимир Путин жана башка жогорку аткаминерлер мамлекеттин допинг иштерине тиешеси жоктугун айтып келатышат.