Ссылки доступа

Миң-Кушта нааразылык акциясы өттү

Миң-Кушта көмүр казган ишканаларга каршы нааразылык акциясы өттү. “Азаттык” радиосунун кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, эки күндөн бери Миң-Куш–Чаек унаа жолун тосуп жатышкан жергиликтүү тургундардан турган 100дөй адам айылдын мектебине чогулушкан.

Алар менен жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жолугушту.

Акцияга чыккандар айылдын жанында көмүр казган компаниялардын ишмердүүлүгүнөн улам жагымсыз жыт чыгып, суу жана аба булганып жатканын айтып даттанышты.

Натыйжада айлана-чөйрөнү коргоо, экотехинспекция, өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Ал тургундардын талаптары канчалык негиздүү экенин лабораторялык жол менен текшерип чыгат.

Миң-Куштагы көмүр кенин бир нече компания иштетет, алардын айрымдары Кытай менен кошо иштеген компаниялар.

XS
SM
MD
LG