Ссылки доступа

Көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди


Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди. Бул тууралуу маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында жарыяланды. Аны Көк бөрү федерациясы да ырастады.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча маселе Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында каралган.

Көк бөрү оюнун каттоого документтер 2014-жылы жиберилгенде кайра толуктоолорду киргизиш үчүн артка кайтарылган. Бул жылы жалпысынан тизмеге киргизүү 49 номинация менен каралган.

Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген. Мындан сырткары Кыргызстанда Сары-Челек көлү, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары, Сулайман-Тоо жана Чүйдөгү байыркы Невакет, Суяб, Баласагын шаарлары да ЮНЕСКОнун тарыхый баалуулуктар тизмесине кошулган. Ал эми Ысык-Көл уюм тарабынан Биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк торчосуна киргизилип, улуттук деңгээлде корголушу керек экендиги белгиленген. Бул тизмедеги мурастарды ЮНЕСКО эл аралык деңгээлде жайылтууну, аны коргоого алууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG